Саламат Шыйкамбаев Баңгизатын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды
Бүгүн Саламат Шыйкамбаев КРнын Өкмөтүнө караштуу баңгизатын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка 15-октябрда КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Айта кетсек, бул кызматта мурда Акимжан Эшматов иштеп келген.