Ак-Талаа районунда "дарыянын боюнда эшектерди союп, терисин сыйрып кетти" деген шек менен 3 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Ак-Талаа районунун акиминин орун басары Абдымалик Сулайманов билдирди.
"Райондун аймагында эшектерди союп жаткан иш боюнча шектүүлөр бир канча убакыттан бери кармалбай келген болчу. Жакында жергиликтүү 2 адам, ошондой эле Нарын районунан 1 адам кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдирди Сулайманов.
Эске салсак, буга чейин окурман: "Ак-Талаа районунда эшектер союлуп жатат. Терисин дарыянын жээгине ыргытып салышкан. Милиция каякты карап жатканы белгисиз", - деп SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирген.