Ош шаардык экологиялык-техникалык инспекциянын мурдагы жетекчиси Галмамат Анапияев "жасалма диплом алган" деген шек менен кармалды

Ош шаардык экологиялык-техникалык инспекциянын мурдагы жетекчиси Галмамат Анапияев "жасалма диплом алган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка караганда, 5-ноябрь күнү Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жетекчилиги Ош ШИИБине кат жолдогон. Анда аталган окуу жайдын Оштогу филиалынын өкүлдөрү документтерди жасалмалап жатканы, окубаган студенттерге "окугандыгы анык" деген жалган тактамаларды берип жатканы айтылган.

"Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, натыйжада Ош шаардык экологиялык-техникалык инспекциянын мурдагы жетекчиси Галмамат Анапияевдин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин финансы жана кредит адистигинде окубагандыгы, ал дипломду Ош шаардык филиалынын жалган тактамаларынын негизинде алгандыгы аныкталган. Мындан улам ал 26-ноябрь күнү кармалган", - дейт Замир Сыдыков.

Учурда мыйзамсыз дипломдун ээси Галмамат Анапияевдин жана аталган университеттин Ош шаарындагы филиалынын окуу иштери боюнча орун басары М.Снын үстүнөн 166-берене (алдамчылык), 315-берене (кызматтык жасалмачылык) жана 350-берене (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Галмамат Анапияев буга чейин, тактап айтканда, 2015-жылы 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал суу түтүктөрүн салуу боюнча аткарылган жумушту текшербөө үчүн 1000 доллар талап кылганы аныкталган. Ош шаардык соту ага 1000 доллар пара талап кылганы үчүн 4 миллион 200 миң сом айып пул салган болчу.

Айта кетсек, Галмамат Анапияев кылмыш дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлү катары айтылып келген маркум Алманбет Анапияевдин агасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
tulpar90
2016-11-28 14:20:45
Акча өндүрүүнүн оңой жолу бул.
+6
MAKALAK
2016-11-28 14:41:55
жасалма болсо жооп берсин эл катары.
+2
Medina87
2016-11-28 14:46:51
Жасалма документтин пайдасынан зыянын ойлоо керек болчу.
+1
Antoshka2016
2016-11-28 15:33:38
Диплом жасалма эмес бул жерде АШАнын бийлиги жасалма
+4
Aylin.91kg
2016-11-28 17:49:19
Ушуга чейин каякты карап журуптур? Жасалма жасаган оздору го!!! Бир аз башын корунсо башынды алайын замандабыз!!! Эптеп эле шылтоо тапса болду тооба!!!!
-3
Abubakir05
2016-11-29 04:06:35
Aylin.91kg,туура айтасын тууган жасалма болсо ошончо жылдан бээри эмне иштетип журушот просто шылтоо кылышат да ашанын адамдары.
0
Beksultan-007
2016-11-28 19:34:04
Алмамбет тируу болгондо Галмаматти айланып отушмок.
+3
bakaiBBBB
2016-11-28 20:34:54
Оттулор ушундай да соз барбы бизде?
-2
Abubakir05
2016-11-29 04:02:45
Оздору уялбай гектарлап жерди алып дворец салып жатышат эми ошол эки барак бетке жазылган кагаз корунуппу коздоруно
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан