Баткенде ок атуучу куралды мыйзамсыз сактаган 12 адамга кылмыш иши козголду

Баткен облусунда 14-ноябрдан 17-ноябрга чейин "Арсенал" операциясы өттү. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, операциянын негизинде атайын каттоодо турган 305 мергенчи текшерилген. Анын ичинен 8 жаранга ок атуучу куралды сактоо тартибин бузгандыгы үчүн административдик протокол түзүлүп, айып салынды.

Айта кетсек, Баткен облусунда жыл башынан бери ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо боюнча 44 учур катталган. Ал эми сактоо тартибин бузуу боюнча 164 факт орун алган. Булардын ичинен 188 адам административдик жоопко тартылып, 12 адамга кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2016-11-28 22:27:19
Вот тебе охотнички,,,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан