Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндөгү өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Өрттү өчүрүүгө 8 өрт өчүрүүчү унаа, 2 суу ташыгыч унаа тартылды. Ошондой эле ал жерде куткаруучулар, "Тез жардам" кызматы, милиция кызматкерлери болушту. Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттү толук өчүрүү боюнча иштер жүрүүдө", - деп билдирди ӨКМнын басма сөз катчысы Элмира Шерипова.
Айта кетсек, өрт тууралуу маалымат бүгүн саат 08:40та келип түшкөн. Тилсиз жоо көп кабаттуу имаратта жайгашкан жеке менчик мектепте тутанып, кийин ал имаратка жанаша жайгашкан чиркөөгө өткөн. Анын кесепетинен чиркөөнүн 800 чарчы метр чатыры күйүп, түшүп кеткен. Ал эми көп кабаттуу имараттын 4-кабатына чейин мектеп, андан жогорку кабаттарда кеңселер жайгашкан.