
2010-жылы 29-ноябрда Улуттук коопсуздук кызматынын атайын бөлүгүнүн күчтөрү "өлкөнүн аймагында террордук чабуул уюштурууга даярдык көргөн" деп шектелгендерди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүшкөн. Операция Ош шаарындагы Мажүрүм-Тал көчөсүндө болгон. Күч органдары "курал катылган" деп шек санаган үйдү текшергенде үйдөн аскерлерге каршы ок атылган.
Ош шаарынын тургундары дүрбөлөңгө түшүшкөн. Окуя согушчандарды кармоо операциясы экендиги андан кийин гана белгилүү болгон. Натыйжада атайын күчтөрдүн эки кызматкери жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Операция жыйынтыкталып, куралдуу топтун үч мүчөсү жок кылынып, төртүнчүсү өзүн өзү граната менен жардырып салган.
29-ноябрга карата жылнаама.