Түркиянын Адана провинциясындагы өрт 11 окуучунун өмүрүн алып кетти

Түркиянын Адана провинциясындагы мектеп жатаканасында өрт чыгып, 11 окуучунун өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, өрт кечээ, 29-ноябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:25те башталган. Тилсиз жоонун кесепетинен 11 окуучу жана 1 тарбиячы каза болгон. Окуучу кыздар 11-14 жаштарда болушкан. Алар жалындан сыртка чыга албай, жатакананын үстүнкү кабатында калышкан. Айрымдары терезеден секиришкен.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын келип чыгуусуна электр зымдарындагы чукул туташуулар себеп болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Parish
2016-11-30 12:35:29
Окунучтуу жайылары жаннаттан болсун.
0
Aytur
2016-11-30 12:56:48
Ии байкуш кичинекей наристелер ай!
0
elmurat.kg
2016-11-30 13:00:20
акыркы кундо орт коп боло баштады
0
KGstan1981
2016-11-30 13:20:31
Адана провинциясында рааматы Рахманкул Хан жетектеген этникалык кыргыздар жашайт бул орт б-ча элчилик кабар алыш керек.
0
Kyrgyzym23
2016-11-30 20:21:40
Ort tilsiz joo dep koiot go adam omuru alynsa da kaigyryp oturup kalganybyz menen bawka ech nerse kyla albaibyz
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан