Мирзиёевдин кызы президенттин администрациясын жетектемей болду

Саида Мирзиёева Өзбекстандын Президенттик администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

Мирзиёева бул кызматты ээлеген өлкөдөгү биринчи аял болду.

Президенттин 23-июндагы жарлыгы менен аталган кызмат кайрадан жанданды. Эки жыл мурун бул кызмат жоюлуп, аны Сардор Умурзаков ээлеп турган.

Жаңы дайындоого чейин Саида Мирзиёева президенттин жардамчысы болчу. Анын жаңы ыйгарым укуктары тууралуу президенттин басма сөз кызматы азырынча маалымат бере элек.

Саида Мирзиёева 40 жашта, ал Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы. 2006-жылы Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин эл аралык укук факультетин аяктаган. 2008-жылы Ташкент мамлекеттик юридикалык университетинен укук боюнча магистр даражасын, 2010-жылы Москва мамлекеттик университетинен экономика жана финансы стратегиясы багытында магистр даражасын алган. Мирзиёева экономика илимдеринин кандидаты болуп саналат.

Ал буга чейин президенттик администрациянын аткаруу аппаратынын коммуникация жана маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы, Өзбекстандын Улуттук массалык маалымат каражаттарын колдоо жана өнүктүрүү боюнча коомдук фондунун Көзөмөл кеңешинин төрага орун басары, ошондой эле Президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан