Араван районунда тургунду ур-токмокко алып, опузалап акча талап кылгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Окуя 18-ноябрь түнү Тепе-Коргон айыл аймагынын Жаңы-Жол тилкесинде болгон. Анда 23 жаштагы О.Ж. Дэу Тико унаасын айдап бараткан учурда аны белгисиз адамдар токтотушуп, 10 миң сом акча талап кылышкан. 700 сому гана бар экенин айткан тургунду сабашып, өздөрү айдап жүрүшкөн БМВ унаасынын багажына салып, белгисиз тарапка алып жөнөшкөн. Жабырлануучу Октябрь айылында унаанын багажын ачып, качып кеткен.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Т.А., 30 жаштагы С.О., 30 жаштагы М.Э. кармалган. Учурда алар Араван райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынышты", - деп айтылат Ош ОИИБинин маалыматында.