"Чоң-Капка унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайында мамлекеттик чек араны бузган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1974-жылы туулган К.Б. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайында тосмодон секирип өтүүгө аракет кылган. Анын документин текшерүү учурунда өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынганы белгилүү болгон.
Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.