Токтогул районундагы жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ Ош-Бишкек унаа жолунун 260-чакырымында Тойота Превиа үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай күйүүчү май ташыган унааны артынан сүзүп алган. Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил унаадагы 3 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Учурда алар Токтогул райондук ооруканасында.