Балыкчы шаарында тоноо фактысына шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Балыкчы ШИИБинин кызматкерлерине 1-декабрь күнү М.А. аттуу тургун кайрылып, 30-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында белгисиз эки адам сабап, акчасын, уюлдук телефонун алып кеткенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 37 жаштагы С.М. кармалган.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Шектүү мурда каракчылык боюнча соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.