"Таатан" соода борборунун жанындагы кампада чыккан өрт чектөөгө алынды

"Таатан" соода борборунун жанындагы кампада чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат бүгүн саат 11:14 чамасында келип түшкөн. Ал жерге 5 өрт өчүрүүчү унаа барып, саат 11:55те чектөөгө алынган.

"Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Болжол менен 120 чарчы метр аянт күйдү. Учурда өрттү толугу менен өчүрүү иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти ӨКМдан.

Буга чейин "Таатан" соода борбору жакта кампа өрттөнүп жатканы айтылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kakaly
2016-12-02 19:25:43
Суротторду коруп бир айылдай эле корунот ко. Ушул кантип Бишкек шаары болсун?!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан