Мындан 7 жыл мурун, 2009-жылы 3-декабрда Сомалинин борбору Могадишо шаарындагы "Шамо" мейманканасында террордук акт болгон. Андан 22 киши каза болуп, бир нечеси оор жаракат алган. Ал күнү Сомалинин ЖОЖдорунун биринин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу салтанаты болуп жаткан. Бул иш-чарага бийлик өкүлдөрү да келишкен.