Ырчы Кайрат Примбердиевдин үйүнө ууру кирди. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына ырчы өзү тастыктады.
"Биз кечээ саат 20:00 чамасында үйдөн шаарга чыгып кеткенбиз. Кайра кайтып келгенибизде үйгө уурулар киргенине күбө болдук. Ошол учурда үйдө кайненем болгон, бирок анын кулагы жакшы укпайт. Уурулар терезеден киришип, фотоаппарат, ноутбук, телефон, акча алып кетишкен. Муну биз жөнүндө билген эле адам кылды. Учурда Сокулук РИИБине арыз жаздык", - дейт ырчы.