Мындан 4 жыл мурун, 2012-жылы 4-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл округуна караштуу Маркай айылында 5 адам мыйзамсыз түрдө көмүр казып жатып каза болгон. Алар ошол күнү саат 11:00 чамасында Маркай айылындагы Аттокур Токтоболотовго тиешелүү "Кыял" менчик шахтасында жетекчинин уруксаты жок көмүр казышкан. Көмүр казгандар газга ууланып каза болушкан. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен адамдардын сөөгү шахтадан чыгарылып, туугандарына берилген.
4-декабрга карата жылнаама.