3 баласын сатып жиберген аял 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалыматты Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, тиешелүү чечимди Чүй облусунун Сокулук райондук соту чыгарган.
Айта кетсек, 2016-жылдын 27-февралында Сокулук РИИБинин кызматкерлерине Асылбаш айылынын Ш.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал өзүнүн Ж.А. аттуу аялы жашы жете элек уулун жана кызын 80 миң сомго, ошондой эле 2015-жылдын январь айында кыз төрөп, аны 2 миң сомго Чүй облустук төрөтканасынын акушерлерине сатып жибергенин айткан.
Кылмышка шектүү делген Ж.А. кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.