Пакистандын Карачи шаарындагы өрт 11 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда чет элдик маалымат агенттиктери жазышты.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы бүгүн эртең менен төрт жылдыздуу мейманканада чыккан. Тилсиз жоонун кесепетинен 11 адам каза тапкан. Алардын айрымдары иске ууланып, кээ бири жалындын ортосунда калышкан. Ошондой эле иске ууланган 65 адам ооруканага жеткирилген. Алардын көпчүлүгү оор абалда. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз болууда.