Бишкекте шаар тургунун коркутуп, тоноп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Д.К. аттуу шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал Л.Толстой көчөсүндө белгисиз адам коркутуп, кымбат баалуу уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Орто-Сай айылынын 1997-жылы туулган Б.К. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жаран ушул сыяктуу дагы эки фактыга шектелүүдө.