Ысык-Ата районунда өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат 5-декабрь күнү саат 17:03 чамасында келип түшкөн.
"Кант шаарынын Москва көчөсүндөгү турак үйдүн ашканасында өрт чыгып, 3 чарчы метр жыгач пол күйгөн. Анын кесепетинен үй ээси 1957-жылы туулган С.И. (эркек киши) күйүп каза тапкан. Кырсыктын келип чыгуусуна тиричилик электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.