Бишкекте мас айдоочу жол кырсыгына себепчи болду

Бишкекте мас айдоочу жол кырсыгына себепчи болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 5-декабрь күнү саат 18:00 чамасында Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Тойота Ипсум унаасынын айдоочусу, 1973-жылы туулган Руслан Жумабаев Тойота Королла унаасын сүзүп, кийин Лексус 570 жана Ниссан Примера үлгүсүндөгү унааларга урунуп токтогон.

"Тойота Ипсум унаасынын айдоочусу мас абалда болгон. Учурда жол кырсыгына кабылган унаалар айып жайга токтотулду. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат", - дейт Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев.

Ал эми өлкөдөгү айрым маалымат агенттиктери жол кырсыгына себепчи болгон айдоочу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде Атай Огомбаевдин "Маш ботой" күүсүн черткен миң комузчунун көркөм жетекчиси, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ага окутуучусу, белгилүү комузчу экенин жазып чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
burulka1959
2016-12-06 12:02:36
Ии, ХХХ! Эми комузду ары жакка кое туруп сузгон машиналарынды ондойсун го...
-3
sirgak_92
2016-12-06 12:14:34
burulka1959, ХХХ жок эле жазсаныз болбойбу
+2
admin_portal
2016-12-06 12:41:15
sirgak_92, burulka1959, этика нормаларын сактаңыздар!
-2
modem4999
2016-12-06 13:09:38
Кочмондордон коп акча иштеген го.
+2
Bishkek.001
2016-12-06 13:21:33
Көчмөндөр көптүрүп койгонго.лексус 570 кантип толойсун эми
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан