Ысык-Көл облусунда таанышын уурдап, туугандарынан акча талап кылган жаран кармалды

Ысык-Көл облусунда таанышын уурдап, туугандарынан акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ноябрь айынын аягында милиция кызматкерлерине адам уурдоо фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Анда Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган Н.Т. аттуу тургунун белгисиз адамдар уурдап, ата-энесинен ири суммадагы акча талап кылып жатышканы айтылган.

"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган Ч.Ф. кармалган. Кылмышка шектүү менен жабырлануучу Орусияда иштеп жүргөндө таанышып калышкан. Бул жакка кайтып келишкенде шектүү жабырлануучуга эшек сатып акча табуу керектигин айтып, Ысык-Көл облусуна алып келген. Балыкчы шаарына кире бериште күч колдонуп, Н.Тны Жети-Өгүз районуна алып кеткен", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirzohidjon
2016-12-06 13:10:00
Аллахым озун ыйман бере кор
-1
admin_portal
2016-12-06 13:52:06
kamchatka, ainur78007, саламатсыздарбы? Толук маалыматты бул жактан алсаңыздар болот
http://www.super.kg/kabar/news/168419/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан