Аламүдүн районунда жер көчкү жүрдү

Аламүдүн районунда жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер көчкү 5-декабрдан 6-декабрга караган түнү Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу Кара-Коо дачалык тилкесинде жүргөн. Анын кесепетинен 1 турак үй жараксыз абалга келген. Кырсыктан жабыркагандар жок.

"Учурда Аламүдүн райондук жарандык коргонуу комиссиясы менен Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери тарабынан жеринде иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан