Баткенде "пенсия алганы кетип дайынсыз" делген эненин жансыз денеси табылды

Баткенде "пенсия алганы кетип дайынсыз" деп изделип жаткан эненин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

"84 жаштагы Суксур Бурканова 26 күндөн бери изделип жаткан. Анын жансыз денеси бүгүн, 6-декабрда Баткен шаарынын Кызыл-Жол тилкесиндеги Дасталык жайытынан табылды", - дейт Юсупова.

Айта кетсек, 1931-жылы туулган С.Бурканова 10-ноябрь күнү "пенсия алам" деп Токтогул көчөсүндө жайгашкан үйүнөн саат 10:00 чамасында чыгып кеткен боюнча үйүнө кайрылып келген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
МАЛЫШ
2016-12-06 19:10:07
Супердин жаны саны среда чыгышынвн себеби газета сатылсын дешсе керек. инеттен ле окуп алат да коп адамдар. А апабыздын жайы жанаттан болсун.
+5
batkenim2016
2016-12-06 19:58:34
Энеке озу чыгып кетпесе керек жайытка аны пенсия алганын уккун бир манкурт алдаптапарып акчасын алып озун ошол жактан тынчытса керек мен ушундай окуяларды уксам копко эсимден чыгаралбай кыйналам
+2
alina79
2016-12-06 20:21:47
Бул энебиздин пенсиясы коп болсо 5-6 мин сом болсо керек.Эгер ушул акчаны алып, анан олтуруп койсо,ал адам эмес ХХХ!ХХХ!
+5
admin_portal
2016-12-07 10:03:42
alina79, , этика нормаларын сактаңыз!
-1
semo
2016-12-06 20:34:19
Тез арада иликтеп киши колду болсо ким кылганын табып жазалаш керек
+4
tatynam_88
2016-12-06 20:52:31
Админ.неге биз супердин электронный версиясын 1жумадан кийин окуйбуз?не себеп.кундо кутуп козубуз карарды
+4
admin_portal
2016-12-07 10:04:54
tatynam_88, саламатсызбы? Толук маалыматты бул жактан алсаңыз болот http://www.super.kg/kabar/news/168419/
0
tatynam_88
2016-12-06 20:54:11
Пенсиясын алган бекен озу?кудайым ай...кимдин колунан келген иш болсо да оз башына муш болсун
+2
Asylai88
2016-12-06 22:13:34
Карыганда бир болбогон акчанын курмандыгы болуптур да байкуш эне. Жайын жаннаттан берсин!
+1
Lunatena
2016-12-06 22:39:52
Урматтуу форумчулар, сиздердин калтырган пикиринерге жооб берууну чечтим.
Суксур Бурканова киши колдуу болуп олгон эмес, жансыз денеси табылганда чонтогундо кошелекто акчасы да чыккан, эч ким акчасын алып тоногон эмес. Аны тоого эч ким алдап чыгарган эмес, ал озу психикалык жактан жабыркап жургондуктон тоого эч ким барбаган жайытка чыгып адашып калган, акыркы жолу ошол жакта коргон элдер.
+2
Kg.arts.
2016-12-06 22:51:25
Lunatena,минусту жанылыш басып алдым. Сендей туура версияны билгендер жазса жарашат. Жогоруда
билгендер да билбегендер да жок кылмышкерди каргап таштады.
+2
Mirzohidjon
2016-12-06 23:35:40
Оюңар эле жаман. Силер деле ушул жашка чыгып көргүлөчү, карыганда адам жаш баладай болуп калат. Өзүн жалгыз жөнөткөн балдарында айып. Ылайым Аллахым бейишинен орун берген болсун! Кабыр азабынан сактасын! Мүмкүнчүлүгүнөр болсо куран окуп койгула
+3
lolo.1
2016-12-07 00:33:25
Пенсиянын акчасы кимге коп корунду экен
-1
Ajar812
2016-12-07 00:35:29
Балдары кошулуп барса болмок 85 жаш деген оной жаш эмесго
+2
tatynam_88
2016-12-07 08:56:53
Кичинекей баткенди тытып караса болгудай.балдары кайдыгер экен.орган да .эгер бир бай жоголсун кыргызстанды туро кыдырышат.акча чеччу заман
+1
Nuriza.kubatova
2016-12-07 09:05:01
Ээ аны эч ким олтургон эмес болсо кк озу мурда да жоголуп кайра табылган экен ооруйт окшойт акча алганы барып албаптыр деп жатпайбы
+1
meni_kut
2016-12-07 12:22:02
Психикалык жактан ооруганын билип жалгыз кеткенине каршы чыкпаган Балдары ХХХ ХХХ
+2
admin_superstan
2016-12-07 13:25:30
meni_kut, этика нормаларын сактаңыз.
0
Izdeim_seni.
2016-12-10 18:02:09
каап,мен ушул апаны акыры табылат ко дкп эле журчу элем. жаман болгон экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан