Ошто жүргүнчүнүн өлүмүнө себепкер болгон айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 5-декабрь күнү Ош шаарынын Озгур айылында болгон. Анда 1979-жылы туулган Э.К. аттуу адам кесиптешинин апасы 1959-жылы туулган Марипат Эрменбетова толук түшө электе өзүнүн Лексус RX-300 үлгүсүндөгү унаасын катуу ылдамдыкта айдаган. Натыйжада жабырлануучу бир топ жерге чейин унаада сүйрөлүп барган. Айдоочу жабырлануучу оор абалда экенин көрүп, жардам көрсөтпөстөн качып кеткен. Анын кесепетинен Марипат Эрменбетова алган жараатынан улам каза болуп калган. Окуядан көп өтпөй качып кеткен айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Кырсык учурунда айдоочу мас абалда болгон.