Пакистанда учак кыйрап, 47 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери жазышууда.
Маалыматка караганда, кырсык 7-декабрь күнү түштөн кийин Пакистандын Хавелиан шаарына жакын жерде болгон. Анда Читрал шаарынан Исламабадды көздөй бара жаткан учак тоолуу аймакта кыйроого учураган. Анын кесепетинен учактын ичиндеги 42 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү каза тапкан. Кырсыктын келип чыгышы азырынча белгисиз болууда. Алдын ала божомолдор боюнча, учактын кыймылдаткычы жарактан чыккан.