Аялын өлтүрүп, жиликтеп, короосуна көмүп койгон 85 жаштагы карыя Чым-Коргондогу психиатриялык ооруканага жиберилди

Аялын өлтүрүп, жиликтеп, короосуна көмүп койгон 85 жаштагы карыя Чым-Коргон айылында жайгашкан психиатриялык ооруканага жиберилди. Бул тууралуу бүгүн Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.

"Карыя психикалык жактан жабыркаары маалым болду. Аны психиатриялык ооруканага жиберүү чечимин Бишкек шаардык соту чыгарды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2016-жылдын 4-июнь күнү Кызыл-Аскер аймагындагы турак жайлардын биринде ызы-чуу болуп жатканы тууралуу нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшкөн. Ызы-чуунун чоо-жайын билгени барган ыкчам топ үйдөгү жыгач челектин ичинен адамдын колу менен бутунун бөлүктөрүн тапкан. Бул окуяга шектелип 1931-жылы туулган 85 жаштагы үй ээси кармалган. Далил катары кылмышка шектелип кармалган жарандын канга боёлгон кийимдери табылып, короосу кан болгон. Кийинчерээк ошол эле короонун ичинен маркумдун тулку бою жана дене-мүчөсүнүн калган бөлүктөрү табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
lazygirl
2016-12-08 11:01:12
Кудай сакта..
+2
sultan89
2016-12-08 12:14:33
астахфирулло е кудай сактасын тооба.
аябай окучтуу жана тан калыштуу
+4
maks94.kb
2016-12-08 12:07:46
Ээ Аллахым
+2
Nasichat
2016-12-08 12:34:17
Кудай сакта.Кыргызымдын каны суюк жаштарынан гана эмес,бир буту кордо, бир буту жерде турган карысынан да ыйман кеттиби?.
-4
jasgul
2016-12-08 18:00:58
Мумкун башка улуттандыр... ал жерде улуту турмак К.А.Т.Б.деген деле соз жок го.
+1
Gulnur-Emina-Medina-2016
2016-12-08 19:46:03
Бир өмүр жашаган аялын өлтүрүп жиликтеп көмүп койсо,85 жаштагы карыя анда жаштарыбыздын кылган ишине таң калбай эле тообо кылып отура беришибиз керек экен да
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан