Баткен облусунда бензин ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 2 адам каза тапты

Бүгүн, 8-декабрда эртең менен саат 08:30 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда 25 тонналык бензин ташуучу унаа менен Хонда Степвагон үлгүсүндөгү жеңил унаа катышкан кырсык болду. Окуя Кадамжай районунун Марказ айыл аймагындагы "Алга-Бас" чек ара постунун жанында орун алган.

"Жеңил унаада 4 адам болгон. Алардын экөө каза болуп, экөө жаракат алды. Жабыркагандар "Тез жардам" кызматы менен райондук ооруканага, ал эми каза болгондор райондук өлүкканага жеткирилди. 25 тонналык бензин ташуучу унаада күйүүчү май болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 76-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон жана унаага кептелип калып жабыркагандарды чыгарып беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tashkan
2016-12-08 12:54:28
Секин журсолор болбойтбекен.жайлары жайлуу болсун.
-1
Zhoodarbek-myrza
2016-12-08 13:05:00
Адыранданган он рулдуу машиналар куйгузду, алдынан танка чыкса да жолдун каршы тилкесине чыгып козун аландатып келе берет.
0
Gulim_zamujem
2016-12-08 15:02:56
Майы жок кезде бир айдайын каттуу дегенге камаз?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан