Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү

Бишкек-Ош унаа жолуна кар көчкү түштү. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кар көчкү бүгүн саат 11:40 чамасында аталган унаа жолдун 132-чакырымына түшкөн. Анын узундугу 120 метр, бийиктиги 1,5 метрди түзүүдө. Учурда жол каттамы жабык. Жолду тазалоого №9-Жол тейлөө ишканасынан 6 техника тартылды.

Алдын ала маалымат боюнча, кар көчкүдөн жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ainura220888
2016-12-08 14:40:47
132-чакырымы каер жердин аталышында жазсанар.
-2
azamat.k
2016-12-08 14:53:25
ainura220888, 132-чакырым Ноокен районунун борбору болуп калат ошондо.
-4
werty81
2016-12-08 15:21:36
azamat.k,Бишкек-Ош деп жазылыватат. Ош-Бишкек эмес.
-2
vivi
2016-12-08 15:39:32
Ноокен эмес, ал тоо ашуунун тушо бериши
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан