Ош-Кара-Суу унаа жолунда жол кырсыгы катталып, эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы Жылкелди айылында болуп, анда жеке менчик банкка караштуу инкассатор унаасы менен Хундай Портер үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен инкассатор унаасынын айдоочусу жана банк кызматкери жабыркап, ооруканага жеткирилген. Кырсык болгон учурда унаада акча болгон эмес.
Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгынын келип чыгышына инкассатор унаасынын каршы тилкеге чыгып кетиши себеп болгон.