Ак-Талаа районунда мал издегени кеткен экинчи тургундун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Ак-Талаа районунун эки тургуну 7-декабрь күнү Орто-Сырт жайлоосуна мал издегени чыгып кеткен. Эртеси сууктан тоңуп каза болгон 24 жаштагы К. уулу Анын жансыз денесин табышкан. Ал эми 23 жаштагы Б.Э. дайынсыз болуп жаткан. Издөөгө милиция кызматкерлери, куткаруучулар, туугандары тартылып, бүгүн анын сөөгү табылды.