Нигерияда чиркөөнүн чатыры кулап, 200дөн ашуун адам каза болду

Нигерияда чиркөөнүн чатыры кулап, 200дөн ашуун адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык орун алган чиркөөнүн курулушу толук бүткөн эмес. Курулушчулар ишемби күндөгү салтанатка имаратты шашылыш даярдоо аракетин көрүшкөн. Чатыр кулаганда имараттын ичинде жүздөгөн адам болгон. Алгач коюлган устундар кулап, андан соң темир чатыр кулап түшкөн. Кырсык Нигериянын Уйо шаарында болгон.

Маалым болгондой, жергиликтүү ооруканалар жабыркагандарга жана өлүкканалар каза болгондорго толгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ozgeldi
2016-12-12 11:48:14
Акыркы жылдары олум-житим коп болуп жатат
+1
ruslanz
2016-12-12 12:14:58
Илгертеден эле болуп келген.Согуштан, оорудан, таб. кырсыктан миндеген кишилер олуп турушкан. Болгону азыр маалыматтын тарашы онуккон. Ошол учун ошондой сезилип жатат.
+7
A3A
2016-12-12 12:32:20
Жаткан жерлери жайлуy болсун
+1
nursyrgak
2016-12-12 21:00:16
A3A,Капрларга дуа кылганга болбойт
0
Munar8625
2016-12-12 13:56:04
сабыр сабыр
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан