7-8 жаштагы 2 жан кечти кыз Нигериянын Майдугури шаарындагы базарда өздөрүн жардырышты. Бул тууралуу BBC басылмасы бүгүн, 12-декабрда жазып чыкты.
"Жардыруулардын аралыгы бир нече мүнөттү түзүп, жыйынтыгында анын айынан жок дегенде 1 адам каза болуп, 18 адам жаракат алды. Жардыруулар базарда кардарлар көп болгон учурда уюштурулган. Эки кыз тең каза болду", - деп жазат басылма.
Жергиликтүү элдик кошуундун өкүлү Абдулкарим Жабо журналисттерге кыздар базарга келери менен эл көп чогулган жакты көздөй чуркашканын айткан.
"Мен алардын бири менен хауса, андан кийин англис тилинде сүйлөшүүгө аракет кылдым, бирок ал жооп бербей койду", - деген өкүл. Андан соң ал кыздардын бири соода катарларына жетип, жарылуучу затты иштеткенине күбө болгон.
"Жардырууларга азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек. Нигериялык "Боко Харам" уюму буга чейин да кичинекей балдарды жан кечти катары колдонуп келгени белгилүү. Акыркы айларда ал уюмдун жоочуларын жергиликтүү аскерлер сүрүп чыкканы менен, алар мезгил-мезгили менен жардырууларды уюштуруп келишет", - деп жазылат маалыматта.