Алай тоо кыркаларында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Алай тоо кыркаларында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөө 12-декабрь күнү саат 20:23 чамасында Алай тоо кыркаларында болгон. Анын күчү 4 баллга жетип, очогу Кара-Кабак айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышта, Ачык-Суу айылынан 30 чакырым чыгышта, Бор-Дөбө айылынан 35 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 118 чакырым түштүктө жайгашкан. Жер силкинүүнүн күчү калк жашаган аймактарда 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан