Бишкекте тоноочулукка шектелген үч кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 11-декабрь күнү милиция кызматкерлерине 18 жаштагы М.Б. аттуу кыз кайрылган. Анда ал чак түштө белгисиз үч кыз коркутуп, уюлдук телефонун тартып алышканын айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 21 жаштагы О.С., 20 жаштагы О.А. жана 19 жаштагы Б.Б. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.