Ошто интимдик кызмат көрсөткөн жашыруун жайдын администратору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарында жайгашкан "Евразия" саунасы текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында ал жерде интимдик кызмат көрсөтүлөрү аныкталган. Мындан улам аталган жайдын администратору 1986-жылы туулган Н.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми Ош шаардык соту анын баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.