Аламүдүн районунда эки унаа сүзүшүп, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 13-декабрь күнү саат 19:18 чамасында Кара-Жыгач айылына кире бериш жерде болгон. Анда Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаа менен Субару Форестер үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Натыйжада биринчи унаадагы 4 адам, экинчи унаадагы 2 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.