Ошто шаар башчысынын айдоочусу жол эрежесин бузуп, ага 1000 сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Мындан бир нече күн мурун мамлекеттик номуру 0001ZA болгон Тойота Ленд Крузер 200 үлгүсүндөгү унаа жол чырактын кызыл жанганына карабай өтүп кеткени тууралуу видео интернетке чыккан. Кечээ Ош ШИИБинин Патрулдук милициясы тарабынан аталган унаа токтотулуп, 1000 сом айып салынган. Айдоочу шашылып баратып жол эрежесин бузганын мойнуна алган.
Айта кетсек, мамлекеттик номуру 0001ZA болгон Ленд Крузер 200 үлгүсүндөгү унаа Ош шаардык мэриясына караштуу. Бул унаа Ош шаарынын башчысы Айтмамат Кадырбаевди ташыйт.