Бишкекте 80 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелип эне-бала кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 9-декабрь күнү саат 20:00 чамасында Бишкектеги батирлердин биринен 80 жаштагы И.Б. аттуу улгайган аялдын жансыз денеси табылган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында маркумдун муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган.

Маркумдун кызы И.Сны суракка алган учурда, ал апасы менен 9-декабрь күнү саат 14:10 чамасында телефон менен сүйлөшкөнүн жана белгисиз адамдар үйдөн эки уюлдук телефон, акча, алтын зер буюмдарды алып кетишкенин айткан.

Бул факт боюнча Бишкек ШИИББи тарабынан кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде окуя болгон жерден уурдалган уюлдук телефон, алтын зер буюмдар жана 40 миң сом Турусбеков көчөсүндө табылган. Ошондой эле кылмышка шектүү катары 20 жаштагы З.К. жана анын 37 жаштагы апасы З.А. кармалган. З.К. маркумдун 2 миң доллар акчасына БМВ үлгүсүндөгү унаа сатып алууга үлгүргөн.

Маалыматка караганда, 9-декабрь күнү маркум З.Ага телефон чалып, соода күркөсүнүн ижара акысын сураган. Бир аздан соң З.А. бир бөтөлкө арак көтөрүп И.Бнын үйүнө келген. Кийин З.А. баласына телефон чалып, алып кетүүсүн суранган. Баласы келген соң З.А. дааратканага кирип кеткен. Ошол учурда баласы баалуу буюмдарды алуу максатында И.Бны муунтуп өлтүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Tansuluu09
2016-12-14 17:21:12
Уяты жоктор, мындай адамдардын бетине ХХХ
+5
admin_portal
2016-12-14 17:23:47
Tansuluu09, этика нормаларын сактаңыз!
-4
AksyKoitash1985
2016-12-14 17:31:23
Акча адамдын душманы деген чында.
+6
Mirzohidjon
2016-12-14 20:14:29
Ушул З.А.,З.К.лар жаман З.Б. кылышты. Же аттарын жазып кетишпейт. Урматтуу З.К.,З.А.жана башка С.И. А.Ш. О.Т. Б.О.Т.лар кылмыш кылгандан кийин атынарды маркер менен толук жазып коюнуздарчы.бизди кыжаалат кылбастан.
+4
mandalak
2016-12-15 14:40:17
Mirzohidjon, аттарын жазышса милицияны кунолоп жатышатго жазбаса кайра ушунтип озунор чыгасынар чырылдап мага ишенбесен Билайвка кирип По поводу убийства директора мед училища г Каракол деп издесен
0
momunova.d
2016-12-14 21:00:24
Орустар окшойт чагымда..
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан