ЖЫЛНААМА, 15-ДЕКАБРЬ: 19 жыл мурун Бириккен Араб Эмираттарында учак кырсыкка кабылып, 85 адам курман болгон

1997-жылы 15-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарынын аэропортуна жакын жерде ТУ-154 учагы жарылып, 85 киши каза тапкан. Аталган учак Тажикстандын Хожент шаарынан учуп чыгып, Бириккен Араб Эмираттарындагы Шаржа аймагына бара жаткан. Анда экипаждын 7 мүчөсү жана 79 жүргүнчү болгон. Учак саатына 370 чакырым ылдамдык менен учуп келип жерди сүзүп, күйүп кеткен. Кырсык учурунда бир штурман учактан ыргып, оор жаракаттарды алып, тирүү калган. Кырсыктын келип чыгышына учактын учкучтары менен диспетчердин бирин-бири түшүнбөй калуусу себеп болгон.

15-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kani-esen
2016-12-15 22:43:59
Штурман дегени не?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан