Кыргыз-казак чек арасында Орусиянын жараны жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 14-декабрь күнү 1954-жылы туулган К.А. аттуу Орусиянын жараны "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу Кыргыз Республикасына кирүүгө аракет кылган. Анын паспортун текшерүү учурунда жасалма экени аныкталган.
Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.