Чүй облусунда эки жаран уурулукка шектелип кармалды

Чүй облусунда эки жаран уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2-декабрь күнү Москва РИИБинин кызматкерлерине 60 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда ал 1-декабрь күнү кечинде белгисиз адамдар соода күркөсүнүн кулпусун бузуп киришип, жалпы 20 миң сомдук товарды уурдап кетишкенин айткан.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Натыйжада кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Ш.С. жана 24 жаштагы М.А. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан