Орусияда кыргыз жараны акча алмаштыруучу жайдан 24 миллион рубль акчасын уурдатып жиберди. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда орусиялык маалымат агенттиктери жазышты.
Маалыматка караганда, 30 жаштагы Д.Б. 24 миллион рубль акчасын долларга алмаштыруу үчүн Бахрушин көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайга келген. Ал жакта кассир акчаны саноо үчүн алып, ошол боюнча качып кеткен. Жабырлануучу ал жакка барардан мурун кассирге телефон чалып, ири суммада акча алмаштырарын айткан.
30 жаштагы Д.Б. Москва шаарынын түштүк-чыгышындагы базарда мөмө-жемиш сатат.