Оштогу аэропортто тажик жараны жасалма паспорт менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-декабрь күнү "Ош" аэропортунун көзөмөл-өткөрүү жайында Ош-Москва каттамы боюнча №968-рейсти текшерүү учурунда 1980-жылы туулган М.С. аттуу тажик жараны кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын жаранына тиешелүү жасалма паспортту көрсөткөн. Паспортто атайын коргоочу белгилери жана Кыргыз Республикасынын герби жок экени аныкталган. Айтымында, ал Орусиядан Тажикстанга депортация болгон, бирок ал кайра Орусияга баруу үчүн ушундай жолго барган.
Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.