Сокулук районунда дүкөндүн ээсин бычак менен коркутуп, 40 миң сомун алып кеткен жаран кармалды

Сокулук районунда дүкөндүн ээсин бычак менен коркутуп, 40 миң сомун алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 2-февраль күнү Военно-Антоновка айылында болгон. Анда ошол жактагы дүкөндүн ээсинин үйүнө белгисиз адам терезе аркылуу кирип, бычак менен коркутуп, 40 миң сом акчасын алып кеткен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Б.К. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Сокулук районундагы 4 уурулук фактысына шектелүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
A3A
2016-12-16 17:33:14
Эми кармадынарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан