Түркиядагы терактта жабыркагандардын арасында кыргыз жарандарынын бар же жоктугу такталууда

Бүгүн, 17-декабрда Түркиянын Кайсери шаарында орун алган терактта жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандарынын бар же жоктугу азырынча белгисиз. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчилиги түркиялык тиешелүү органдар менен байланышта болуп, тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Айта кетсек, аталган теракт эртең менен Кайсеридеги университеттин жанында болгон. Аскерлерди ташып бараткан автобус окуу жайдын жанынан өтүп жатканда токтотулуп турган автоунаа жарылганы айтылууда. Кырсыктан улам 13 адам каза болду, 48 адам жаракат алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
ariet.kaary90
2016-12-17 18:22:37
Олум кобойду кыяматтын майда белгилери.
+5
OMURBEK.
2016-12-17 18:26:16
кудай сакта бул туркиянда кунуно эле жардырууго
+3
arzuuu
2016-12-17 18:40:55
Аман болгула туркиядагы жердештер. Аллах сактасын
+5
nargis
2016-12-18 02:18:24
arzuuu,бей куноо пенделерди аллахым сактасын,чет эле жургон мекендештерге айтаарым ар дайым аман болгула ..!
0
bond0202
2016-12-17 19:03:49
супер инфо гезит сатуунун жаны ыкмасын ойлоп таапсынар,ийгилик силерге!
+2
saltanat2015
2016-12-17 19:09:35
Кок жазуу менен жазылганды чыгарбай эле койгулачы сураныч кийин окууганда кызыгы жок болуп калат экен
+12
daniyar84
2016-12-17 19:24:22
Аттин кыргыз элим,кытайларга же дагы багка улуттарга окшоп коп болсок мейли эле.6 миллион болуп туруп турмуштун кыйынчылыгынан дуйно жузуно тарап кеттикко..
+5
engel
2016-12-17 19:39:50
Tayip Erdogan kelgenden beri Turkiyada tynchtyk jogoldu emese guldogon olko bolchu. Bizdin kichinekei olkobizdi Kudai saktap tynchtyk bersin
+3
meni_kut
2016-12-18 11:21:57
Кудайкул хандын Элин да Алла сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан