2012-жылы 18-декабрда саат 19:00 чамасында Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында өрт чыккан. Өрт театрдын 2-кабатындагы артисттердин гримдөөчү бөлмөсүнөн чыгып, 400 чарчы метр аянты күйүп кеткен, жабыр тарткандар болгон эмес. 3 өрт өчүрүүчү унаа тилсиз жоону тез эле өчүрүүгө жетишкен. Өрттүн келип чыгышынын себеби электр зымына күч келгендиги менен түшүндүрүлгөн.
18-декабрга карата жылнаама.