"Токмокто май куюучу жайды тоношкон" деп шектелип кыз менен жигит кармалды

"Токмок шаарындагы май куюучу жайды (МКЖ) тоношкон" деп шектелип кыз менен жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-декабрда саат 05:13тө жаш кыз менен жигит МКЖдагы оператордун иш бөлмөсүнө кирип, операторду ур-токмокко алышкан. Андан соң 500 сомдук "Нокиа" уюлдук телефонун, автоунаанын ачкычын, кассадагы 53 миң сомду алып кетишкен.

Бул факт боюнча "тоноо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Суракта жабырлануучу оператор окуянын чоо-жайын айтып берген. Анын айтымында, 14-декабрда саат 05:00дө жаш кыз ага кайрылып, унаага газ толтуруп берүүнү суранган, бирок ал кызга саат 6:00да келүү керектигин билдирген. Кыз аябай шашып жатканын айтып, операторду көндүргөн. Оператор иш бөлмөсүнөн чыгып жатканда ичине белгисиз жигит кирип, аны токмоктой баштаган. Бул учурда кыз кассадан бардык акчаны жана башка буюмдарды алган. Уурдаган соң алар качып кетишкен.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Токмок шаарынын милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп 20 жаштагы кызды жана 25 жаштагы баланы кармашты. Алар Токмок шаарынын тургундары экени белгилүү болду. Учурда алар убактылуу кармоочу жайында отурушат.

Токмок шаарындагы май куюучу жайды тоноп кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
A3A
2016-12-18 19:10:27
Уят!
+1
Shirin_N88
2016-12-18 20:31:53
Кыз балага уурулук уят эле,АЗС МКЖ болот экен да кыргызчасы.
+1
Barchynbek
2016-12-19 05:01:20
Shirin_N88, МАЙ.КУЙУУЧУ.ЖАЙ. деп чечилсе керек МКЖ сы
-1
Salman.eldar
2016-12-18 21:53:27
Тооба кылдым! Жаштар экен, эми ошол болбогон 53мин сом учун, омуруно балта чапты, ошол акчаны иштеп деле тапса болмок! Кудайым баарыбызга ынсап берсин...
+2
GGggUUuuLLll
2016-12-18 22:34:49
Уурулук кыз бала үчун эле эмес бут адам баласы үчүн уят.
+1
NES1380
2016-12-19 00:19:27
Жазасын тартсын... Суйлошуп баары бир чыгарып жиберет буларды. Бизде мыйзам экинчи орунда турат.
-1
Nur1k
2016-12-19 00:29:48
Тууй ата... Даже эмне дешимди да билбей турам. Баарына чын ден соолук)
-1
Truelensk
2016-12-19 10:27:00
Свадьбага акча табалы десе керек
-1
manachaka
2016-12-19 16:16:05
Шайтандын азгырыгы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан