Бүгүн таңга маал өлкө аймагында эки ирет жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-декабрь күнү саат 04:16да Фергана тоо кыркаларынын аймагында 4-4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында 4 балл, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда 4 балл, Ош облусунун Өзгөн районунун Ара-Көл айылында 3 балл, Салам-Алик айылында 3 баллга чейин сезилген.
Ал эми саат 06:43тө Жалал-Абад облусунун аймагында 3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер силкинүү Базар-Коргон айылында 2-3 баллга сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жаратылыш кырсыгынан кыйроолор жана жабыркагандар жок.