Нарын шаарында унаасы менен электр мамысын сүзүп алган айдоочу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн саат 04:29 чамасында Нарын шаарынын Ленин көчөсүндө болгон. Анда айдоочу Нива үлгүсүндөгү унаасы менен жолдон чыгып, электр мамысын сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу жабыркап, шаардык оорукананын сыныктар бөлүмүнө жеткирилген.